• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Жеңилдетилген насыялар аркылуу калктын жашоо турмушун жакшырта алабыз

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Айыл Банк" ААКда жана "РСК Банк" ААКда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик банктардын жетекчилери жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында “Айыл чарба тармагын каржылоо” жана “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыянын берилиши талкууланды.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик банктар мамлекеттик саясатты чагылдыруучу орган болушу керектигин белгиледи.

“Жеңилдетилген насыя үчүн делип мамлекеттик банктарга түшкөн каражатты таратуу менен эле эмес, терең анализ жүргүзүп турушуңуздар керек. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык боюнча берилип жаткан жеңилдетилген насыялар канчалык жардам берип жатканын жалпы эл сезиши керек. Ошондо ишкерлерге мамлекеттик жактан колдоо көрсөтүлүп, калктын жашоо турмушунун жакшырып жатканын билебиз”, - деди ал.

Жыл башынан бери “Айыл банк” ААК тарабынан “Айыл чарба тармагын каржылоо” долбоорунун алкагында 892 чарбагерге 422 млн 846 миң сом жеңилдетилген насыя берилсе, ал эми “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 29 чарбагерге 133 млн 231 миң сом берилди.

Ошондой эле, "РСК Банк" ААК тарабынан жыл башынан бери “Айыл чарба тармагын каржылоо” долбоорунун алкагында 1025 чарбагерге 473 млн 818 миң сом жеңилдетилген насыя , ал эми “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 1 374 чарбагерге 1 млрд 438 млн 825 миң сом берилди.

Белгилей кетсек, насыялар 6 пайыз үстөк менен 5 жылга чейин берилет.

Жыйында ошондой эле энергиянын кайра жаралуу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын курууда, лизинге айыл чарба техникаларын жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алууда жеңилдетилген насыя берүү маселеси айтылды.

Пикир

Оставить комментарий