• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө $11 млн жумшалат

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө $11 млн жумшалат. Бул тууралуу облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашев жана АгроВей компаниясынын жетекчиси Кайыркүл Казылаева менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Тараптар жолугушууда Баткен облусунун климаттык шартын, жарандардын турмуштук абалын эске алуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат.

Алгач AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт. Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат.

Долбоордун алкагында 11 млн АКШ доллары Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий