• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматкерлери ири көлөмдөгү чылым аткезчилигин аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Бажы кызматкерлери ири көлөмдөгү чылым аткезчилигин аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-майда ыкчам бажы кызматкерлери Баткен облусунда Э.А., аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан Nissan X-trail үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Унаанын ичинен бажыга тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок төмөнкү чылымдар табылган.

- “Milano Paris” 3000 даана;

- “Milano New York” 162 000 даана;

- “Milano London” 87 000 даан.

Кармалган товардын жалпы суммасы 630 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий