• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев азыр фармацевтика тармагында коррупция жок экенин билдирди

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде Садаматтык сактоо министрлиги жана фармацевтикалык компаниялардын коррупциясына байланыштуу өлкөдө териштирилип жаткан чуулгандуу иштер боюнча комментарий берди.

“Мен министр болуп келгенде эле фармацевтикалык тармактагы коррупцияны жок кылууга көп аракет кылдым. Азыр УКМКда териштирилип жаткан жана парламентте көтөрүлүп келген иш мен келгенге чейин эле болгон. Мен министр болуп келгенде ушул тармакка жаңы жетекчи дайындап, өткөн иштер болбосун деп талап кылдым. Мурда фармкомпаниялар дарыларын алып келишчү, алар чогуу бизнес кылышчу, азыр андайлар жок”, - деди министр.

Ал учурда социалдык аптекалар ачылып, анда майыптар жана пенсионерлер дарыларды 40%га чейин жеңилдетүүлөр менен ала алышарын белгиледи.

“Азыр дарылардын баасын түшүрүү боюнча механизм иштелип жатат”, - деп кошумчалады Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий