• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бекешев: Ишкерлердин баары УКТнын алдынан өтүшөт. Алар менен күрөштө УКМКны тартуу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин тартуу керек. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин “ар кыл маселелер” талкууланган жыйынында билдирди.

Бекешев мисалш катары жакында Ысык-Көлдө кафенин өрттөнүшүн келтирип, укук коргоо органдарын уюшкан кылмыштуулук менен активдүү күрөшүүгө чакырды.

“Ишкерлердин баары УКТнын алдынан өтүшөт. Бирок аларга эч ким арызданбайт, арызданган эмес дагы. УКМК кызматкерлерин тартуу менен аларга каршы күрөштү күчтөндүрүү зарыл”, - деп сунуштады депутат.

Ысык-Көлдөгү “Осьминог” кафеси 7-январда 4.30 да толук күйүп кеткен. ЖМКлар өрттү УКТ уюштуруусу мүмкүн экенин билдиришкен.

Милиция өрттүн себебин аныктоо экспертизалары дайындалганын маалымдашты.

Пикир

Оставить комментарий