• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоо: Жапаров падыша Филиппке көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 24.07.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий