• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ жарандарды жол эрежени сактоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги эл көп топтолгон жерлерде ылдамдыкты жогорулатпоону, жол кыймылынын ар бир эрежесин так тактоону сунуштайт.

Министрликтин маалыматына караганда, жол кырсыктардын статистикасы көрсөткөндөй, кырсыктардын негизги себеби – бул айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу: жолдогу өтмөктөрдөн өтүү эрежелерин бузуу, кесилиштерде кезек-кезеги менен өтүү эрежелерин аткарбоо, карама-каршы тилкеге өтүү, автоунааны мас абалында айдоо.

Ылдамдыктын чегинен чыгып айдаган жана жолдогу эрежелерге кайдыгер болгон айдоочу айланадагыларга кандай коркунуч алып келип жаткандыгын толук түшүнүшү керек. Автоунаа жогорулатылган коркунучтун булагы болуп эсептелет, ошондуктан айдоочу автоунааны башкарууда этият жана жоопкерчиликтүү болушу керек.

Ылдамдык режимин сактоо – жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүн сактоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий