• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беларустун кондитердик ишканаларына Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды

Саясат 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Беларустун кондитердик ишканаларына кайра иштетүү үчүн Кыргызстандан мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү сунушталды. Мындай сунушту Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев "Белгоспищепром" концернинин төрагасы Олег Жидков менен болгон жолугушууда айтты.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн рынокторуна айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш өнөр жай продукцияларын өз ара жеткирүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар ошондой эле тамак-аш өнөр жайы, алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүү боюнча кызматташуу ниетин билдиришти.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Маалымат үчүн: Беларус мамлекеттик тамак-аш өнөр жай концерни "Белгоспищепром" өлкөдө тамак-аш азыктарынын негизги өндүрүүчүсү. Республиканын тамак-аш өнөр жайында 20дан ашык тармактарды камтыган бирдиктүү экономикалык, техникалык жана технологиялык саясатты жүргүзөт. Концерн Беларустун тамак-аш өнөр жайынын ири корпоративдик түзүмү болуп саналат, анын ичинде 39 уюм, 13 тармакты жана 19 миң кызматкерди бириктирет.

Пикир

Оставить комментарий