• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгилүү боксчу Константин Цзю Кыргызстанда. Ысык-Көл эмнеси менен анын эсинде калат?

Коом 0


Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Дүйнөлүк деңгээлдеги боксчу Константин Цзю Кыргызстанга келип, Ысык-Көл жөнүндө оң сын-пикирин калтырды.

Ал өзүнүн социалдык баракчаларына видео жүктөп, саякаттаганды жакшы көрөөрүн, ал эми Ысык-Көлдүн жаратылышы жакшы маанай тартуулай тургандыгын билдирген.

“Азыр Кыргызстанда, Ысык-Көл көлүндөмүн. Кереметтүү көлдүн жээгинде кармана албай буттарымды сууга салдым. Суу муздак, бирок ал маанилүү эмес. Жаратылышы ар дайым жакшы маанай жана позитив тартуулайт. Ошону силерге да каалайм,”- деп бөлүштү Цзю.

Интернет колдонуучулардын берген суроолоруна жооп берип, Кыргызстанга жумуш боюнча келгендигин билдирген.

Анын интернетке өлкөбүз жөнүндө жазган көптөгөн жакшы сын-пикирлерди окуй алса болот. Ал эми кыргызстандыктар болсо ага республиканын башка аймактарына да барып келүүнү сунушташты.

Константин Цзю - советтик, россиялык жана австралиялык боксчу. СССРдин үч жолку чемпиону (1989-1991), Европанын эки жолку чемпиону (1989, 1991) жана сүйүүчүлөрдүн арасынан дүйнөнүн чемпиону (1991), профессионалдар арасынан (WBC/WBA/IBFнын версиялары боюнча) дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.

СССР спортунун ардактуу мастери (1991), СССРдин көрүнүктүү боксчусу (1991).

Пикир

Оставить комментарий