• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беловодское айылында таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Беловодское айылында өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табышкан (бычактан жаракат алган). Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облусунун ИИББинин Криминалдык милиция кызматынын жана Москва районунун ИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган аял менен өлтүрүлгөн эркек кишинин ортосунда мас абалда чыр-чатак келип чыккан.

Учурда шектүү Москва районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий