• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Берлинде Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июнунда Берлин шаарынын “Тиргартен” багындагы советтик аскерлердин мемориалында Кыргызстандын Германиядагы элчилиги КМШ мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына карата курман болгондорду эскерүү жана гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Германиянын өкмөтүнүн Россия, Борбор Азия жана Чыгыш өнөктөштүгү боюнча координатору, Бундестагдын депутаты Йохан Заатхофф мырза, Германиянын башка ведомстволорунун өкүлдөрү жана бир катар коомдук уюмдар жана Берлиндин тургундары катышты.

Гүлчамбар кою аземи Франкфурт-Майн шаарында да өтүп, ага Кыргызстандын ал шаардагы Консулдук агенттиги катышты.

Пикир

Оставить комментарий