• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Берлиндеги олимпиадада Кыргызстандын командасы олжолуу кайтты

Билим 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” мектебинин командасы “Берлиндеги Ломоносов күндөрү 2022” II Эл аралык мектеп олимпиадасында “Долбоордук иштер” номинациясында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучулары математика боюнча олимпиадада, командалык дисциплиналар аралык викторинада 2-орунду, англис тили, математика боюнча олимпиадаларда 3-орунду алышты.

Орус, англис тилдери жана математика боюнча олимпиадаларга 8-9-класстын окуучулары Айгерим Жолчуева, Айман Кыдыралиева, Алишер Өмүров, Бегимай Курманбекова, Екатерина Неверова, Нурайым Атаканова, Санжар Сарынжиев, Сергей Жданв, Эдил Кадыров катышты. Дисциплиналар аралык викторинада “Батарея”, “Глобалдык пайда же зыян”, “Кант диабети. Кант диабети менен ооругандардын жардамчысы” жана “Тамак-аш коопсуздугу” темалары боюнча долбоорлорду жакташты.

“Берлиндеги Ломоносов күндөрү 2022” II Эл аралык мектеп олимпиадасы 2022-жылдын 21-23-ноябрында Берлин шаарында өттү. Олимпиадага 14 өлкөнүн окуучулары катышты.

“Газпром Кыргызстан” мектеби жана М.В. Ломоносов атындагы эл аралык мектеп Берлин шаарында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, окуучулар англис жана немис тилдерин үйрөнүү үчүн жайкы лагерлерге катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий