• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Билим 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Кечээ, 24-декабрда КР билим берүү жана илим министри Эл аралык математика жана геометрия боюнча олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана алардын мугалимдерине ыраазычылык каттары жана баалуу белектер берилди.

Ыраазычылык каттары олимпиаданын катышуучуларын даярдаган педагогдорго берилди: Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин математика мугалими Аскаров Азамат жана Бишкек шаарындагы “Газпром Кыргызстан” мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан.

Эл аралык математика боюнча олимпиада (International Mathematical Olympiad) дүйнөнүн бир өлкөсүндө жогорку класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлөт. Акыркы жылдары олимпиадага 100дөн ашуун өлкө катышып келет. Кыргызстандын командасы бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышат. Covid-19 пандемиясынан улам, 2020-жылы олимпиада өзүнүн тарыхында биринчи жолу динстанциондук форматта өттү. 61- Эл аралык математикалык олимпиаданы (ЭМО) Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтү уюштурду.

Кыргызстанда 61-ЭМО “Газпром Кыргызстан” мектебинде өткөрүлдү. Олимпиаданын жыйынтыгында Оштогу “Сема” лицейинин окуучусу Апиев Эрдан коло медалдын ээси болду. Анын мугалими Аскаров Азамат, ошондой эле Ишматов Махамадхан (Unite Education) Эрданды олимпиадага даярдаганы үчүн ЭМО уюштуруучуларынан коло медаль алышты.

7- Иран геометриялык олимпиадасына 49 өлкөдөн окуучулар катышышты. Ирандагы алгачкы геометрия боюнча олимпиада 2014-жылы өткөн. Тапшырмалар ар бир катышуучу өлкөгө олимпиаданын башталышына бир жума калганда жөнөтүлөт, олимпиада аралыктан өтөт. Кыргызстандын командасы аталган олимпиадага 2015-жылдан бери катышат. Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан 10 медаль, үстүбүздөгү жылы 4 медалга ээ болушту:

  1. Аскербеков Тилек – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  2. Бакыжанов Темирлан – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу (коло);
  3. Корнияш Федор – Бишкектеги №61 УК АФМШЛ 6-классынын окуучусу (коло);
  4. Турсунов Абдумалик – “Келечек MI” мектебинин 8-классынын окуучусу (коло).

1950-жылы алгачкы жолу Математика боюнча Америка олимпиадасы өткөрүлгөн. Бул жылы олимпиадага 33 өлкөдөн 43000ден ашуун окуучу катышты. Аталган олимпиада Америкадагы улуттук олимпиаданын 1-туру болуп саналат. Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнөн АКШнын ЭМОго катышуучу командасы түзүлөт.

Кыргызстандын командасы Америка олимпиадасына 2019-жылы катыша баштаган. Бул жылы Максим Залепо эң алдыңкы 5%га кирди. Ал эми №61 УК АФМШЛ 6-классынын окуучусу Корнияш Федор атайын грамота менен сыйланды. Ошондой эле, №61 УК АФМШЛ ийгиликтүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болду (бул сыйлык жыл сайын 6000 мектептин ичинен 900үнө берилет).

Пикир

Оставить комментарий