• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Жаңы китеп» мектептердин китепкана фондун толуктоо боюнча кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө

Билим 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Жаңы китеп» мекемеси мектептердин китепкана фондун көркөм адабият, маалымдама адабияттары жана окуу материалдары менен толуктоо максатында «Билимге кошумча» аттуу мөөнөтсүз кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алдын-ала жыйынтыктар боюнча сентябрь айынын соңуна карата жалпысынан 10 миң нускадан ашуун китеп кабыл алынган. Акцияга Кыргыз Республикасынын бардык региондору катышкан.

Китептер төмөнкү мектептерге белекке берилди:

  • Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы В.И.Ленин атындагы мектеп,
  • Ноокат районундагы Тѳѳлѳс айылындагы мектеп,
  • Бишкек шаарындагы №91, №6 мектептер,
  • Нарын шаарындагы №2, 4, 7, 8, 9, 10, 17 мектептер,
  • Нарын облусунун Жумгал районундагы Рысалы Солтонбеков, Калык Акыев атындагы мектептер,
  • Нарын районундагы Табалдиев атындагы мектеп,
  • Ош областындагы №50 мектеп,
  • Ош облусунун Алай районундагы Таш-Короо айылындагы И.Адишев атындагы мектеп,
  • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Молдогазы Урмарал атындагы, Эшимбек Капалов атындагы жана Э.Дүйшеев атындагы мектептер,
  • Манас районундагы Н. Цыренин атындагы мектеп,
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы - №35 орто мектеп, М.Мамакеев атындагы мектеп, С.М.Киров атындагы мектеп,
  • Балыкчы шаарында - №8 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий