• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 167 бүтүрүүчү мектепти "Артыкчылык" аттестаты менен аяктады

Билим 0

Бишкек, 11.05.23./Кабар/. Кыргызстанда “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестациясын алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошентип, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

- Баткен облусунан – 14 окуучу;
- Бишкек шаарынан – 76 окуучу;
- Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;
- Нарын облусунан – 6 окуучу;
- Ош шаарынан – 8 окуучу;
- Ош облусунан – 20 окуучу;
- Талас облусунан – 5 окуучу;
- Чүй облусунан – 21 окуучу;
- Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий