• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин бир орун басары кызматынан бошотулуп, экөө жаңы дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аида Рысбаева билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулуп, Лира Самыкбаева жана Муратбек Касымалиев министрдин жаңы орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий