• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир катар өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө байланыштуу бир катар өлкөнүн президенттеринин атынан куттуктоолор келди.

Сороонбай Жээнбековдун туулган күнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ж.б. куттуктоо жолдогон.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөзү:

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз».

Эмомали Рахмондун куттуктоо сөзү:

«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектеримди жана куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чын дилимден бекем ден-соолук, бакыт жана мамлекеттик ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм. Сиздин алдыга койгон максаттарга жетүүгө умтулгандыңыз Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүнө мындан ары дагы кызмат кылат деп ишенем. Тажик-кыргыз мамилелери тарыхтын тереңине кеткен биздин элдердин ортосундагы достук, ынак кошуналык жана өз ара түшүнүшүү салттарын чагылдырат. Биз эки тараптуу актуалдуу маселелерди өз ара пайдалуу негизде чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө ар дайым даярбыз. Биз ишенимдүү жана тыгыз саясий диалогдун негизинде биргеликте мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы достук жана көп пландуу кызматташуу мамилелердин өнүгүшүн камсыздай алабыз деп ишенем».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоо сөзү:

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында алысты көрө билген жана калыс жүргүзгөн саясатыңыз менен бүгүн Кыргызстанда стабилдүүлүк камсыздалды жана туруктуу жана социалдык-экономикалык өнүгүү, калктын бакубаттуулугу өсүүдө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркы көтөрүлүүдө. Биздин элдердин жалпы тарыхына, динине, маданиятына жана салттарына негизделген кыргыз-өзбек достук жана ынак кошуналык мамилесин ырааттуу бекемдөөдө Сиздин ар тараптуу колдооңузду жогору баалайм. Жогорку деңгээлдеги туруктуу байланыштар жана эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы интенсивдүү сүйлөшүүлөр көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүдө анын ичинде өз ара соода жүгүртүү көлөмү сезилээрлик көбөйдү, экономиканын түрдүү тармактарында кооперациялар күчөтүлдү, аймактар аралык байланыштар жана маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүүгө, ошондой эле өз ара мамилелерди тереңдетүү жана Борбордук Азиядагы артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдырууга өбөлгө түздү».

Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо сөзү:

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана ак ниет каалоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан мамлекетинин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана калктын бакубаттуулугун арттыруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык жетишкендиктерди ийгиликтүү ишке ашырууда. Жалпы тарых, көп кылымдык достук жана ынак коңшулаштык элдерибиздин туруктуу баалуулуктары болуп кала берет жана казак-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө бекем өбөлгө катары кызмат кылат. Кыргызстанга боло турган визитиме өзгөчө маани берүү менен анын жыйынтыгы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кеңири келечекти жана мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем».

КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоо сөзү:

«Ушул жылдын июнь айында мен Кыргызстанга мамлекеттик визит менен бардым жана Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катыштым. Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, „Бир алкак, бир жолду“ биргелешип куруу жана бардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы келишимдерге жетиштик, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы планын белгиледик. Мен Сиз менен кытай-кыргыз мамилесин, стратегиялык өнөктөштүгүбүздү, биздин өлкөлөрдүн бакубатчылыгы үчүн бардык тараптан жаңы деңгээлде үзгүлтүксүз алдыга жылдырууга биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярмын».

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоо сөзү:

«Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм. Азербайжан менен Кыргызстандын өз ара мамилелери боордош элдерибиздин жалпы тарыхына, баалуулуктарына жана салтына негизделген. Сиздин эки тараптуу мамилелерди жана ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган аракеттериңиз абдан баалуу. Биздин өлкөгө келип, ар тараптуу пикиралышкан жолугушуубузду канааттануу менен эстейм. Ушул жаркын күндө Сизге бардык жакшылыктарды, бекем ден соолукту, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди каалайм».

Армения Республикасынын президенти Армен Саркисян куттуктоосу:

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана каалоолорумду кабылалыңыз! Сиздин мамлекеттик иштеги бай тажрыйбаңыз,эл аралык кызматташуудагы алака түзүү маселелерин чече билүү жөндөмүңүз эл аралык аренада Сизге чоң кадыр-барк алып келди. Биздин элдерибиздин достук жана өз ара колдоокөрсөтүүгө негизделген мамилеси мындан арыда мамлекеттер аралык кызматташуунун эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенем. Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубатуулук каалайм».

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу:

«Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын бекемдөөгө, элдин жашоо деңгээлин, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-аракеттериңиз абдан маанилүү. Казакстан менен Кыргызстандын жалпы кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталган ар түрдүү тармактагы эки тараптуу кызматташтыгы биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн кеңейе берет деп ишенем».

Беларус Республикасынын президенти Александр Лукашенконун куттуктоо сөзү:

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат. Мамлекеттердин ортосундагы достукка жана конструктивдүү өнөктөштүккө негизделген мамилелер мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн өбөлгө болот деп ишенем. Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, чын дилимден бекем ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм».

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу:

«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектерди жана куттуктоолорду кабыл алыңыз. Сиздин акылман жетекчилигиңиздин астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө ишенимдүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн аброюн ырааттуу бекемдеп жатканын белгилөөгө кубанычтамын. Биздин эки тараптуу жогорку деңгээлдеги мамилелердин бардык багыттары кыргыз-түркмөн өнөктөштүктүн жана мамлекеттер аралык мамилелердин мындан ары кеңейишине бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем».

Пикир

Оставить комментарий