• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жума ичинде 4 миңден ашык адам акысыз укуктук жардам алды

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандыктарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы 30-ноябрдан 5-декабрга чейин созулду.

"Юстиция министрлиги көрсөткөн акысыз укуктук жардамды алдын ала маалымат боюнча 4 миңден ашык жаран алды. Быйыл пандемияга байланыштуу юридикалык жардамды онлайн түрдө да алгандар болду. Жардамды эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышты. Борбор калаада жарандар жалпысынан мурас, мүлк, үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылса, аймактарда болсо жер, социалдык камсыздоо (пенсия, жөлөкпул), документ алууга (паспорт, айдоочулук күбөлүк) байланыштуу укуктук жардам алды", - дейт ал.

Калбеков белгилегендей, акысыз укуктук жардам Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга да көрсөтүлдү.

"Декаданын жүрүшүндө 100дөн ашык адам адвокат менен камсыздалды", - деди Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий