• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бирдиктүү салык декларациясын 477 миңден ашык киши тапшырган

Экономика 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Бирдиктүү салык декларациясын 477 миңден ашык салык төлөөчү тапшырган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 14-майына карата бирдиктүү салык декларациясын 477 миң 934 салык төлөөчү тапшырган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 23 миң 683кө көп.

Декларация тапшыргандардын 58 миң 232си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452си уюмдар, ошондой эле 214 миң 38си жеке ишкерлер болуп, алардын 74 миң 97си патент менен иштейт.

Андан тышкары, 130 миң 453 физикалык тарап, аны менен катар дыйкан жана фермер чарбалары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери декларация тапшырган. Ошондой эле, салык салынуучу кирешеси жок 29 миң 759 физикалык жак да отчет берген.

76 миңден ашык салык төлөөчү декларациясын электрондук түрдө тапшырган. Ал өткөн жылга караганда 12 миңге көп.

Пикир

Оставить комментарий