• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи май райондук соту былтыр 274 адамга карата жазык жана жорук иштерин өндүрүштөн токтоткон

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы, айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылуу жана (же) издөө иштерин уюштуруу үчүн прокурорго жиберилген кылмыш иштер боюнча 2022-жылына чейинки аралыкта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан жазык жана жоруктар боюнча иштерди кароодо, соттолуучуларды сот олтурумуна камсыз кылуу үчүн кайтарылган токтомдордун аткарылышына текшерүү жүргүзүп, төмөндөгүлөрдү аныктады.​

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 2022-жылына чейинки аралыкта, жазык жана жоруктар боюнча иштерди кароодо, соттолуучуларды сот отурумдарына камсыз кылуу үчүн, жалпысынан 274 адамга карата жазык жана жорук иштери өндүрүштөн токтотулуп, анын ичинен 2021-жыл башына чейинки аралыкта мурунку жылдардан келе жаткан калдык 167 адамга карата кабыл алынган токтомду түзөт.

2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тараптардын соттук отурумга камсыз кылуу үчүн прокуратурага 107 жазык иш боюнча өндүрүштөн токтотуу жөнүндө токтомдор кабыл алынып, прокуратурага кайтарылган.

Өндүрүштөн токтотулган 274 токтомдун ичинен 127 адамга карата токтом аткарылып, сотко негизинен кароо үчүн жөнөтүлгөн (жорук иштер боюнча 70 адамга, жазык иштер боюнча 57 адамга карата).

147 адамга карата соттук олтурумга камсыз кылуу үчүн жөнөтүлгөн токтомдор 2021-жылдын 31-декабына чейинки аралыкта аткарылбай, калдык болуп калган. Анын ичинен 105 адамга карата издөө иштери (РД) ачылып, изделүүдө. Ал эми, 42 адамга карата өздүгү аныкталбагандыгына байланыштуу издөө иштери (РД) ачууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Сот тарабынан издөө иштерин аткаруу үчүн жөнөтүлгөн жазык иштер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан тергөө жүргүзүлгөн жазык иштер болуп эсептелинет.

Мисалы: 03-002-2019-012816 жазык иш боюнча 17.05.2021-жылдагы Биринчи май райондук соту тарабынан Подлесный Александр Владимировичке карата издөө жарыяланган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан 04.06.2021-жылы РД-38/21 сандуу издөө иш ачылып, 14.04.2022-жылы А.Подлесный кармалып, 19.04.2022-жылы анын жазык иши сотко негизинен кароо үчүн жөнөтүлгөн.

Азыркы күндө аталган жазык иши сотун кароосунда турат.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 301-бер.2-б.талабына ылайык, мажбурлап алып келүү колдонулгандан кийин айыпталуучу келбей калган учурда сот жазык иш боюнча өндүрүштү токтотуп турат, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонот, өзгөртөт жана токтомду айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылуу үчүн прокурорго жиберет деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын “Ыкчам издөө ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын негизги милдети катары, сот органдарынан жашырынып, жазык куугунтугунан качып жүргөн адамдарга карата ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү болуп саналат.

Аталган, сот тарабынан жорук иштер боюнча айыпталуучуларды сотко камсыз кылуу боюнча кабыл алынган токтомдор жана айыпталуучуга карата издөө жарыялоо жөнүндөгү токтомдор, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын жооптуу кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча көнүлкош мамилелеринин негизинде жана жетекчилик тарабынан тиешелүү денгээлде көзөмөл жоктугунан келип чыккан деп белгилөөгө болот.

Жогорудагылардын негизинде, 2021-жылдын жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын кызматкерлери тарабынан соттун токтомдорун аткаруу боюнча тийиштүү денгээлде иш алып барбагандыгына байланыштуу, жоопту кызматкерлерге сунуш келтирилип, жыйынтыгы менен тартиптик чара колдонулган.

Прокурордун улук жардамчысы Бурул Абдымомунова

Пикир

Оставить комментарий