• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК: Октябрь айында салыктар боюнча план ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Октябрь айында салыктар боюнча план ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрь айында Мамлекеттик салык кызматы болжонгон 9 млрд 879,5 млн сомдун ордуна 9 млрд 921,8 млн сом суммасында салыктарды жана төлөмдөрдү чогултууну камсыз кылды.

"Аткаруу 100,4%ды же план 42,3 млн сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 млрд 330,8 млн сомго көбөйдү же өсүү темпи 130,7%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 2021-жылдын январь-октябрь айларында МСК тарабынан болжонгон 82 млрд 688,8 млн сомдун ордуна 85 млрд 770,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Белгиленген план 103,7%га аткарылды же 3 млрд 081,7 млн ​​сомго ашыгы менен аткарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 млрд 124,4 млн сомго көп же өсүү темпи 136,9%ды түздү.

Белгиленгендей, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 22 миллиард 603,2 миллион сомго көбөйдү же өсүү темпи 135,8%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий