• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Бишкек эт комбинаты» төлөнбөгөн карызы үчүн жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. “Бишкек эт комбинаты” ААК электр энергиясына 1 млн 42 миң 500 сом карызын төлөбөгөндүгү үчүн жарыксыз калды. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААК басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, 10-февралда “Түндүкэлектр” колдонулган электр энергиясына карызды төлөбөгөндүгү үчүн 720 абоненттин жарыгын өчүргөн.

Белгиленгендей, мындан мурда “Бишкек эт комбинатынын” башкы директору менен электр энергиясына карыздарды төлөө боюнча бөлүп төгүү тууралуу келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, комбинаттын башкы директору түзүлгөн график боюнча карызды өз убагында төлөп туруусу милдеттендирилген. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин келишим аткарылган эмес, ошондуктан электр энергиясын берүү токтотулган.

“Түндүкэлектр” кандайдыр бир ыңгайсыздыктардан алыс болуу үчүн электр энергияга төлөмдү өз убагында төгүп турууга чакырат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий