• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ИИББ митинг уюштурууга административдик айып салуу маселесин карап жатат

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгында борбор калаанын борбордук аянтында алдын ала маалымат бербестен митинг уюштуруучуларга административдик айып салуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

“Азырынча эч кандай чара көрүлө элек, анткени митингчилер мыйзамсыз аракеттерге барышкан жок. Митингди уюштуруучуларга административдик айып салуу тууралуу маселе каралып жатат, бирок кабыл алына элек”,-деп билдирди ИИББ.

Ведомстводон милиция кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп, коомдук тартипти камсыздоодо деп белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн Мегакомдун ишинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча айыпталып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Кечээ, 26-февралда ал “Манас” аэропортунан кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалган.

Пикир

Оставить комментарий