• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өкмөт, Профсоюздар Федерациясы жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси ортосунда 2017-2019-жылдарга Башкы келишим түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясы жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси ортосунда 2017-2019-жылдарга Башкы келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кол коюу аземинин жүрүшүндө белгиленгендей, 2017-2019-жылдарга карата аталган келишим социалдык-эмгектик жана ага байланыштуу экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет:

Аталган документ өзүнө төмөнкү бөлүктөрдү камтыйт:

- Экономиканы өнүктүрүү тармагы,

- Эмгек акыны төлөөнү жана социалдык камсыздоону жөнгө салуу,

- Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты жумуштуулук менен камсыздоого көмөктөшүү,

- эмгек укугун коргоо, эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук,

- кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,

- социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Башкы келишимге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын атынан – Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов, республикалык иш берүүчүлөр бирикмесинин атынан – КР Соода –өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, «Экономикалык палата» Ассоциациясы» юридикалык жактар Бирикмесинин президенти Данияр Казаковдор кол койгон.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн оңдуу тажрыйбасына, ошондой эле эл аралык эмгек нормаларына таянуу менен бири-биринен көз-карандысыз, өз конкреттүү функциясына жана тараптардын кызыкчылыгына ээ болгон жактардын күч-аракетин бириктирүү, түзүлгөн социалдык-эмгектик көйгөйлөрдү чогуу чечүү жана компромисстик чечимдерди кабыл алуу боюнча кадамдар жасалууда.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда эмгек мамилелери жаатында социалдык өнөктөштүк тутумунун укуктук базасы калыптанды. Алардын катарына Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, «Кесиптик биримдиктер жөнүндө», «Иш берүүчүлөр бирикмеси жөнүндө», «Жамааттык келишимдер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кирет.

1997-жылдан тарта Өкмөт, профсоюздар жана иш берүүчүлөр ортосунда үч тараптуу Башкы келишимдер түзүлүп келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий