• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! 12-13-августта өлкө аймагында жаан жаап, абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. 2018-жылдын 12-13-август күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий