• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Бишкектиктерге эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу маалымат берүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында эмдөө маселеси боюнча калк менен жолугушуулар уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер №18 жана №19 МАБдын жана “Чыгыш-5” кичи районунун тургундары үчүн маалымдоо иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды сактык чараларын көрүп кеңсенин ичинде, коомдук транспортто беткап тагынып, коомдук аралыкты сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана эмдөөгө чакырат.

Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы.

Пикир

Оставить комментарий