• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда туристтик мезгил башталгандан бери 24 адам сууга чөгүп кеткен

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда туристтик мезгил башталгандан бери 24 адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Чоконбаев билдирди.

Анын айтымында, чөккөндөрдүн арасында 7 өспүрүм бар. "Ошондой эле жыл башынан бери республика боюнча 57 адам сууга чөккөн, алардын 17и он эки жашка чейинки балдар болсо, 11и өспүрүмдөр. Сууга эң көп чөккөндөр Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган", - дейт ал.

Жыл сайын ӨКМ пансионаттарда иш алып барган куткаруучулар менен суучулдарды окуудан өткөрүп тургандыгын, кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий