• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда өстү – “Манас” аэропорту

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Кыргызстандын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда өстү, деп билдирди “Манас” эл аралык аэропорту” (МЭА) ААКсынын басма сөз кызматынан.

Өткөн жылы “Манас” эл аралык аэропорту” 1 млн 834 миң 115, “Ош” эл аралык аэропорту” 1 млн 20 миң 572 жүргүнчүнү тейлеген.

Ал эми Баткен – 22 миң 431, Ысык-Көл – 9 миң 101, Жалал-Абад – 5 миң 662, Исфана – 797, Нарын – 162, Каракол – 91 жүргүнчүнү тейлеген.

Жүргүнчүлөрдүн агымы эл аралык рейстеги жүргүнчүлөрдүн көбөйүшүнөн улам болгон, атап айтканда 2 млн 73 миң адам учкан. Ал эми Кыргызстандын ичинде 1 млн 9 миң 438 адам учкан.

Пикир

Оставить комментарий