• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саясий туруксуздук экономикалык туруксуздукка өтүшү мүмкүн - саясий серепчи

Коом 0

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Мурдагы президент Алмабек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Бул боюнча эксперт Сергей Пономарев өз пикирин билдирди.

"Саясий туруксуздук экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн", - дейт ал.

Ал белгилегендей, бизнес үчүн тынчтык керектигин баары жакшы билишет.

"Саясий туруксуздук болгон жерде ал экономикалык туруксуздукка өтүшү мүмкүн. Себеби, алар бири-бири менен байланышкан эмес. Өз кезегинде ал экономикалык жоготууларга алып келет. Биз аны 2010-жылы көргөнбүз. Анда көптөгөн бизнесмендер кеткен. Бизге саясий жана экономикалык туруктуулук керек. Туристтик сезон тууралуу айтсак, көптөгөн адамдар келүүнүн кереги барбы деген ойго келет. Адамдар эс алууну каалайт. Туризм тармагында иштеген адамдар бул тууралуу социалдык тармактарда айтып жатышат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жүргүзгөн.

УКМК белгилегендей, операция маалында желим октор колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий