• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кош-Таш айлындагы кырдаалды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз отурумга чогулду.

Учурда жыйынга 61 депутат келип катталган.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабдын башчысы Райымбердик Дүйшөнбиев катышууда.

Ошондой эле жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да келген.

Бүгүнкү отурумда депутаттар Солтон-Сары алтын кенине байланышкан маселени да кароону пландап жатышат.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын кызматтагы кызматкер каза болуп, 60тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий