• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновдорду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 30.11.21. /Кабар/. Эртең, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.

ЖКнын расмий сайтында маалымдалгандай, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор К. Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселе күн тартибинде каралчу маселелердин тизмесине киргизилген.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырган. Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Б. Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий