• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 1-январдан тартып электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөйт

Экономика 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВтстан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат.

"Учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн КР министрлер кабинетине жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө электр энергиясынын баасын төмөндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий