• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте будо-каратэ боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-5-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда будо-каратэ боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, спорттук иш-чарага 10 команда, 160ка жакын спортчу катышып, мыкты команда наамы үчүн ат салышат.

Турнирдин максаты - бул спорттун түрүн калк арасында жайылтуу жана өнүктүрүү, спортко активдүү катышуу жана сергек жашоого үндөө.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Будо-каратэ федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий