• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бишкек - Кара-Балта» жүргүнчүлүк поезди каттап баштайт

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. 24-апрелден баштап «Кыргыз темир жолу» УК” мамлекеттик ишканасы «Бишкек I - Кара-Балта», «Кара-Балта - Бишкек I» жүргүнчүлүк поездинин каттамын киргизет.

КТЖ басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул каттам күн сайын суткасына эки жолудан каттайт.

№60-59 поезди «Бишкек I - Кара-Балта» каттамы боюнча , «Бишкек I» (Пишпек) станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 08:30да чыгып, Кара-Балта станциясына 09:56да келет.

№60-61 поезди «Бишкек I - Кара-Балта» каттамы боюнча , «Бишкек I» (Пишпек) станциясынан жергиликтүү убакыт боюнча 12:41де чыгып, Кара-Балта станциясына 14:07де келет.

Кара-Балта станциясынан №60-60 поезди «Кара-Балта - Бишкек I» каттамы боюнча жергиликтүү убакыт боюнча 10:30да чыгып, «Бишкек I» (Пишпек) станциясына 11:59да келет.

№60-62 поезди «Кара-Балта - Бишкек I» каттамы жергиликтүү убакыт боюнча 14:45де чыгып, «Бишкек I» (Пишпек) станциясына 16 :18де келет.

Жол кире акысы:

Чоңдор үчүн билет: 26 сом

Балдар билети: 09 сом (5-10 жаш)

Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» УК” мамлекеттик ишканасы «Бишкек-Мерке», «Мерке-Бишкек» каттамдары боюнча иштейт.

Пикир

Оставить комментарий