• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек менен Ошто эл аралык театр күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “27-март — эл аралык театр күнүн” белгилейт.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, майрамдык салтанат Бишкек жана Ош шаарларында өтмөкчү.

Бишкек шаарында иш-чара 27-мартта саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат. Иш-чарага бардык аймактардан театр жана оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жамааттары чакырылды.

Ал эми Ош шаарындагы салтанат 29-мартта саат 14:00дө С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук кыргыз драма театрында белгиленет.

"Буга чейин эл аралык театр күнүнө арналган иш-чаралар Бишкекте гана өтүп келсе, эми мындан ары аймактарда кезеги менен өткөрүлүп турмакчы.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий