• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри шаардык Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев согуш ардагерлеринин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин шаардык кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда калаа башчысы улуу муундун жаштар менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, район жана Бишкек шаарынын коллегияларынын курамына ардагерлердин өкүлдөрүн киргизүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү аткарылган иштер боюнча отчет берип, келечектеги пландары тууралуу айтып беришти.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын көрүнүктүү адамдары тууралуу китеп чыгаруу жана материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу үчүн "Шаардык Кеңешке" сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, ошондой эле интернационалист-жоокерлерге жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий