• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаардыктарды жасалма балаты орнотпоого чакырууда

Коом 0

Бишкек, 26.12.19./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Жаңы жылдык “жашыл салым” челленджине катышып, өз салымдарын кошууга чакырат.

Шаар тургундары балаты базарынан балаты сатып алып, аны майрамга кооздоп, кийин кайра паркка, аллея, көчөгө же жаңы “Ынтымак” паркына отургузуп коюшса болот.

Ал эми “Бишкекжашылчарбасынын” кызматкерлери тиешелүү кеңештерди берип, аны отургузууга жакшы орун таап бере алышат. Мекеменин байланыш телефондору: 0312375330, 0709 399 977.

Эскерте кетсек, балаты базары Медеров менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий