• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев куттуктады.

Мэрдин орун басары кызматкерлерге күнүмдүк эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук, бакубат турмуш каалады.

Ошентип, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн адистер күмүш төш белгиси, Ардак грамотасы ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстандын турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий