• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясынын “185” кызматына бир жумада 757 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 10-16-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 757 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 92 кайрылуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кайрылуулардын көпчүлүгү сурап-билүү иретинде болгон.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.

Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Пикир

Оставить комментарий