• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бишкектин Космическая жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берилбеген, мыйзамсыз капиталдык имарат бузулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бузуу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын доо арызынын негизинде жүргүзүлүүдө. Арыз Ленин райондук сотунун чечими менен канааттандырылган.

Аянты 126 чарчы метр болгон имараттын тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий