• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында 19,3 миңден ашуун нике катталды

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Калкты каттоо департаменти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 никени расмий түрдө каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылдыкта Бишкектеги Бакыт Өргөөсүндө баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз, шайкеш келген датада расмий түрдө 62 түгөй баш кошушкан. Жалпысынан Бакыт Өргөөсүндө өздөрүнүн мамилелерин 1 миң 505 жуп расмий катташкан.

Муну менен катар, Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө баш кошууга ылайык болгон башка күн популярдуу болду. Ал 20.06.23. Бул күнү 19 нике катталган. Жалпы 6 ай ичинде Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө 947 нике катталды.

Статистикага ылайык, өлкөдө жубайлардын ажырашуусу төмөндөп жатканы байкалууда. Алсак, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 миң 67 жуп ажырашса, быйыл 5 миң 814 жуп ажырашкан.

Ошондой эле бул аралыкта 66 миң 212 туулгандыкты катталган, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 миң 807ге аз. Ал эми өлүм учурларын каттоону алсак, 15 миң 87 өлүм учурлары катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өлүм учурлары 1 миң 345ге аз болду.

Пикир

Оставить комментарий