• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

№26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу уланууда – мэрия

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Бишкектин Киргизия-1 конушунда жайгашкан №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулуш иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оюн аянтчаларын куруу, ички тазалык техникасы, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары фасад жумуштары башталды.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метрди түзөт.

Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана, изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа, спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган.

Пикир

Оставить комментарий