• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлик тарых музейин ноябрда ачууга даяр. Бирок экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ачуу пландалып жатканын айтты.

“Мамлекеттик тарых музейин ачуу бир тараптуу чечилбейт. Германиядан адистер келип, сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз ноябрь айына музейди ачууну пландап жатабыз. Ал эми музейдин ичиндеги экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жүрүп, андагы экспонаттарга кеткен каражаттын айынан кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий