• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында Он-Арча суусуна түшүп кеткен алты жашар кыз эки жумадан бери изделүүдө

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен С.Н. аттуу алты жашар кыз 12 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, алты жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып, бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенип жатып, өзү сууга түшүп кеткен.

Ошондон бери издөө иштерин өткөрүү максатында куткаруучу, суучул жана жергиликтүү тургундар тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий