• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылдын I кварталында коррупциядан келтирилген зыян дээрлик 5,9 млрд сомду түздү - Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын биринчи кварталында 688 кызматтык жана коорупциялык кылмыштар катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтуусунда, аталган фактылардын бардыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"Анын ичинен 20 кылмыш иши - ишенип берилген мүлктү уурдоо, 2 иш - контрабанда боюнча, 3 - коммерциялык кызматын кыянаттык менен пайдалануу, 6 - коорупция, 497 - кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 32 - кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, 3 - мамлекетке зыян келтирген келишимди түзүү, 4 - мыйзамсыз баюу, 53 - пара алуу, 56 - кызматтык жасалма", - деп билдири Сыдыгалиев.

Анын билдирүүсүнө ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан иштердин көбү жер, уурдоо жана пара алуу боюнча.

"2018-жылы мамлекетке коррупциядан келтирилген зыяндын суммасы 3 млрд. 489 миң 515 сомду түзгөн, келтирилген зыяндын ордун толтуруу 183 млн. 809 миң сомду түзгөн. Ал эми 2019-жылдын биринчи кварталында коорупциядан келтирилген зыяндын суммасы 5 млрд. 981 миң 843 сом болгон. Анын ичинен тергөөнүн жүрүшүндө бюджетке 43 млн. 784 миң 800 сом кайтарылган. Калган маалыматтар боюнча тергөө жүрүүдө", - дейт Сыдыгалиев.

Пикир

Оставить комментарий