• 88.68
  • 95
  • 0.95

Медицинага кошкон салымы үчүн хирург Эрнст Акрамов сыйланды

Коом 0


Бишкек, 30.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында медицинага кошкон салымы жана канчалаган адам өмүрүн сактап калгандыгы үчүн профессор, хирург Эрнст Акрамов Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен сыйланды.

Сыйлыкты коомдук ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова тапшырып, Акрамов канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калганын белгилеп өттү.

“Акрамовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу буга чейин эки документалдуу тасма жараткам. Бирөөсү сегиз жыл мурун болсо, экинчисин сыйлык тапшыруунун алдында даярдадык. Бүгүн Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун атынан медицинага кошкон салымы үчүн Эрнст Акрамовго сыйлык тапшырып отурабыз”, - деди ал.

Мындан сырткары, Эрнст Акрамовдун бюсту жасалып, өзүнө берилди. Скульптор Садабек Аджиев хирургду жаш кезинен бери таанырын айтты.

“Мындай адамдар цивилизацияны, жашоону алдыга жылдырып турат. Бюстту чын жүрөктөн жасадым. Хирургдун сүрөтүн дагы көпкө караган жокмун, анткени мен аны унута элек болчум. Берилип жасагандыктан жыйынтыгы ийгиликтүү болду”, - деди скульптор.

Хирургдун бюсту Чүй облустук бириккен ооруканасына коюлары айтылды. Эрнст Акрамов бүгүнкү иш-чара үчүн ыраазычылык билдирип, сыйлыкты актоо үчүн дагы аракет кыларын айтып өттү.

“Мага мыкты жетишкендиги үчүн деп сыйлык тапшырып жатат, бирок бул менин жумушум. Хирургияда 30 жыл иштетим, 1000дей операция жасалды. Бул аралыкта бейтаптардын ден соолугунун жакшыруусуна жардам берилип, өз турмуштарына кайтуусуна көмөктөштүк”, - деди Акрамов.

Чүй облустук бириккен ооруканасына аталган бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, КР баатыры Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий