• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы жарылуудан жабыркагандардын абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Жалал-Абаддагы темирди кайра иштетүүчү заводдогу жарылуудан жабыркаган үч адамдын абалы оор. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч бейтап тең реанимацияда, экөө денесинен 80-90% күйүк алган. Андан тышкары, жабыркаган төрт адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы "Мин-Ксин" темир заводунун аймагында темир эритүүчү меш жарылган.

Оор абалдагы бейтаптардын тизмеси:

- 1993-жылы туулган К.С., аттуу КРнын жараны;

- 1991-жылы туулган Б.А, аттуу КРнын жараны:

- 1996-жылы туулган А.А., аттуу КРнын жараны.

Жеңил күйүк алгандардын тизмеси:

- 2004-жылы туулган Ж.Э., аттуу КРнын жараны;

- 1991-жылы туулган Р.С., аттуу Өзбекстандын жараны;

- 1973-жылы туулган Ш.З., аттуу Кытайдын жараны;

- 1993-жылы туулган Л.Х., аттуу Кытайдын жараны.

Пикир

Оставить комментарий