• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медиктер эмдөөнүн коопсуз практикасы боюнча билимин жогорулатышууда

Ден соолук 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. 27-ноябрынан 4-декабрына чейин медицина кызматкерлери эмдөөнүн коопсуз практикасы боюнча билимин жогорулатышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага эмдөө кабинеттеринин медициналык кызматкерлери, иммунологдор жана эпидемиологдор катышууда.

Саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык калдыктарды ченемдик талаптарга жана иммунизациялоонун коопсуз практикасына ылайык башкаруу окутуунун негизги темалары болуп саналат.

Эмдөөнүн коопсуздугу – бул төмөнкүлөрдү камтыган процесс:

- вакциналардын сапатын;
- эмдөөдөн кийинки терс белгилерге эпидемиологиялык көзөмөлдү;
- вакциналарды сактоону жана иштетүүнү;
- вакциналарды саюуну;
- эмдөөдөн кийин медициналык калдыктарды коопсуз башкарууну.

Белгиленгендей, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга вакцина менен башкарылуучу инфекциялар, вакциналардын “муздак чынжырын” сактоо, эмдөөнүн коопсуз тажрыйбасын камсыз кылуу, саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык көзөмөлдүн талаптарын сактоо жана медициналык калдыктарды башкаруу боюнча материалдар берилет.

Пикир

Оставить комментарий