• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммит өтүүдө. Иш-чарага Садыр Жапаров катышууда

Президент 0


Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келди.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭнин президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.

Пикир

Оставить комментарий