• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамипотекага үйлөр курулуп бүтсө, анын чарчы метри базар баасынан 200 долларга арзан болот

Президент 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү курулуп бүтсө, анын чарчы метри 200 долларга арзан болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, “Менин үйүм – 2021-2026” программасы аркылуу жарандарды 20-25 жылдык ипотекалык үйлөр менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө.

“Эки жылдан бери бюджеттен акча бөлүп келебиз. Мамлекеттик ипотекалык компания болсо ал акчага кезекте тургандарга рыноктон бир квадрат метрин 750 доллардан алып берип жаткан экен. Аны да дароо токтотуп, азыр эми үйлөрдү өзүбүз тездик менен куруп бере баштадык. Ошондо бир квадраты 750 эмес, 550дөн айланат экен. Бул батир алып жаткан жарандарыбызга дагы эң чоң жардам. Ар бир чарчы метрин 200 доллардан арзан алган болот. Ушинтип 2026-жылга чейин 50-60 миң үй-бүлөгө батир бергенге үлгүрөбүз деген планыбыз бар, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий